• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ош шаарында гендердик зомбулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Ош шаарында гендердик зомбулуктун алдын алуу талкууланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарага мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын Аялдар кеңеши бирикмесинин Ош шаарындагы төрайымы Атыргүл Кожоева, филология илимдеринин кандидаты Нуркыз Кадырбекова, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын, мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Тегерек стол 25-ноябрдан 11-декабрга чейин жарыяланган гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүгү жана 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнүн алкагында коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алуу, кесепеттерин жоюу, аткарылуучу милдеттерди талкуулоо, аялдарга карата басмырлоонун жана зомбулуктун баардык түрлөрүн токтотууга жамааттык аракеттерди күчөтүү боюнча түрдүү тармактардын өкүлдөрүнөн маалымат алуу максатында уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Биз СПИДке каршыбыз” аттуу темасында жаштарды жугуштуу өнөкөт оорулар жана анын кесепеттери тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, жаштар арасында сергек жашоо демилгесин жайылтуу, адептүүлүккө, патриоттуулукка чакыруу, элдик каада-салтты, үрп-адатты баалоого үндөгөн баяндамалар жасалып, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, жоюу жана социалдык маселелер боюнча Ош шаарынын мэриясында аткарылып жаткан иш-аракеттери боюнча маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий