• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын мэри Сулайман-Тоосундагы маселелер менен жеринен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин инфраструктурасы менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын алкагында шаар башчысы Сулайман-Тоонун ичиндеги жолдордун, унаа токтоочу жайлардын абалына өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле шаардын эң эски көчөлөрүнүн бири - Чеберлер көчөсүнө барды. Сапардын алкагында тоонун айланасындагы инфраструктураны жакшыртуу боюнча иш планын түзүү үчүн тиешелүү кызматтардын жетекчилерине керектүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, "Сулайман-Тоо" Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси 2009-жылдан бери ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий