• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облусу боюнча 47 жаран үй карантин шарттарын бузган

Аймак 0

Бишкек, 19.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ысык-Көл облусу боюнча 47 жаран үй карантин шарттарын бузган. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө облуста коронавирус жуктурган 33 учур катталды. "Анын 18 жараны айыкты. Караколдогу облустук ооруканада жана Балыкчы шаардык ооруканада 13 бейтап дарылануусун улантууда. Ал эми 2 адам Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, үй изоляциясына алынган. Облус боюнча 126 адам обсервацияда, анын ичинде 61и медкызматкер. Жалпы 406 адам үй карантинде болууда. Анын 229уна мобилдик тиркеме жүктөлгөн", - дейт ал.

Осмоналиев белгилегендей, үй карантин шарттарын бузган 47 жарандын 13ү обсервацияга жаткырылган. Калгандарына укук коргоо органдары тарабынан айыппул салынган.

Белгилей кетсек, 19-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2789 учур катталды. Алардын ичинен 533ү медицина кызматкери. Илдеттен 1961 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 32 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий