• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлгө сазан балыгынын 90 миңден ашык чабагы кое берилди

Аймак 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Ысык-Көлгө сазан балыгынын 90 миңден ашык чабагы кое берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чабактар министрликке караштуу Балык чарба департаменти тарабынан КР Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен биргеликте кое берилди.

"Орточо салмагы 7-8 граммга жеткен чабактар Тоң балык заводунун, "Караколбалыгы" ЖЧКсынын жана "Ысык-Көл плюс" балык өстүрүү кооперативинин көлмөлөрүндө өстүрүлгөн. Чабактар Тоң районунун Тоң дарыясына, Жети-Өгүз районундагы Ысык-Көл көлүнүн "Тынч булуң" тилкесинде, Кызыл-Суу айылындагы пристандарда, Каракол шаарындагы пристандарда жана Түп районундагы Кутургу булуңунда жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Сазан балыктарынын чабактарын кое берүү (балыктандыруу) көп жылдардан бери биринчи жолу жүргүзүлдү. Өткөн жылдары Ысык-Көлдүн балык уулоочу аймактары балыктын личинкасы менен балыктандырылган. Кое берилген чабактардын жалпы саны 90 миңден ашык.

Пикир

Оставить комментарий