• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облусунун башчысы эл аралык донорлор менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Жолугушууга Швейцария өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчилигинин, ЕРӨБ, GIZ, JICA, МЕРСИКО, Хельветасс жана USAID сыяктуу уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Анда облус аймагында ишке ашкан жана учурда ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.

Донорлор облус аймагында жүргүзүлүп жаткан долбоорлорго сереп салып, иштин негизги багыттарын белгилешти. Өзгөчө көңүл жашыл экономиканы өнүктүрүүгө, экологиялык жактан туруктуу тажрыйбаларды жана технологияларды киргизүүгө бурулду.

Облус башчысы аймакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоого конструктивдүү салым кошкондугу үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле аймактын туруктуу өнүгүүсү жана гүлдөп өсүшү үчүн жалпы максаттарга жетүү үчүн эл аралык коомчулук менен кызматташууга жана өнөктөштүккө даяр экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий