• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын футбол боюнча премьер-лигасынын беттештери ЭлТР телеканалында көрсөтүлөт

Спорт 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Кыргыз премьер-лигасынын бардык беттештери ЭлТР телеканалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз профессионалдык футбол лигасынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз профессионалдык футбол лигасы жана «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы кызматташуу туралуу келишимге кол койду.

Келишимдин негизинде ар бир жаран өлкөнүн бардык аймактарынан бардык беттештерди санариптик форматта көрүп, өзүнүн сүйүктүү командасына күйөрмандык кыла алат.

Бул келишим клубдук футболду өнүктүрүүгө жана жайылтууга түрткү берип, спортту өнүктүрүү максатындагы спорттук коом менен мамлекеттик ишкананын ортосундагы кызматташуунун үлгүсү болот.

Пикир

Оставить комментарий