• 88.68
  • 95
  • 0.95

Денис Петрашов АКШдагы эл аралык мелдеште экинчи орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов АКШнын Весмонт шаарындагы TYR PRO SERIES эл аралык мелдешинде экинчи орунду ээледи.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 12-апрель күнү башталып, 15-апрель күнү жыйынтыкталат.

Петрашов 100 метр аралыкка брасс дистанциясында сүзүп, экинчи орунга илинди.

Белгилей кетсек, аталган мелдешти жеңген спортчулар 1-5-август күндөрү Калифорния штатынын Ирвин шаарында өтө турган “Филипс 66” эл аралык командалык мелдештерине катышуу үчүн квалификациялык жолдомо алат.

Пикир

Оставить комментарий