Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна (2023-жылы) тандоо турунун алкагында Мьянманын командасы менен оюн өткөрөт. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тандоонун 3-турунда "Ак шумкарлар" Мьянмага каршы ойношот. Оюн 10-октябрда болот.
Ошондой эле, Монголиянын командасы менен Мьянманын курамасы арасында беттеш болуп өттү. Анда Монголиянын футболчулары 1:0 эсебинде жеңишти камсыздады.
Кыргызстандын курамасы F тайпасына туш болгон. Ал тайпада Тажикстан, Монголия, Мьянма, Япониянын курама командалары бар.
Эскерте кетсек, кечээ Кыргызстандын курамасы Тажикстанга 1:0 эсебинде жеңилип калган. Оюн Тажикстандын борбор калаасы Душанбедеги борбордук стадионунда өткөн.
Пикир
Оставить комментарий