• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айбек Абдымомунов самбо боюнча Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн кабыл алды

Спорт 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Адбымомунов самбо боюнча Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн кабыл алды.

Департаменттен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө директор спортчулардын жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, төмөнкүлөргө токтолду: “Самбо спортунун тарыхында өз ордуңарды алтын тамга менен жазып жатасыңар. Бул жетишкен ийгилигиңер чек болбосун. Буюрса биз тараптан да колдоолорду көрсөтөбүз, спорттогу ар бир жетишкен ийгилигиңер өлкөнүн дагы бир кадам алдыга жылуусуна себепчи болот” – деди Абдымомунов.

Бегилей кетсек, самбо боюнча Дүйнө чемпионаты 10-13-ноябрь күндөрү өтүп, улуттук курама команда жалпы 5 медаль - 1 алтын 1 күмүш жана 3 коло утту.

88 кг салмак даражасында Жамалбек Асылбек уулу спорттук самбо боюнча Дүйнө чемпиону болду. Ал эми 64 кг чейинки салмактагылар арасында Белек Бараканов күмүш медалга ээ болду. Ошондой эле 64 кг салмакта Саяк Бараканов, 09 кг жогоркулар арасында Бекболот Токтогонов, 88 кг салмак даражасында Бектен Эркебай уулу коло медалдарды багындырышты.

Пикир

Оставить комментарий