• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын электр тармактар ишканасына былтыр 21 атайын техника тапшырылган

Аймак 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. 2023-жыл ичинде Нарын электр тармактар ишканасына 21 атайын техника берилди: 8 бригадалык унаа, 3 эксковатор жүктөгүч, 4 кран манипулятор, 1 автошаты, 4 кызматтык унаа жана 1 жүк ташуучу унаа. Алардын жалпы суммасы 71 млн 443 миң сомду түзөт.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн Энергетика министрлигинин колдоосу менен алынган автоунаалар Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтка тизилип, кароодон өттү.

Иш-чарага президенттин облустагы өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын электр тармактар ишканасынын директору директору Бакыт Жолдошбеков жана кызматкерлер катышты.

Облус башчысы автоунаалардын акжолтой болуп, элге кызмат кылуусун тилек кылды. Электр тармактар ишканасынын кызматкерлерин берилген мамлекеттик мүлктү жоопкерчилик менен сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий