• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын инвестициялар министринин орун басары менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын инвестициялар министринин орун басары Мохаммед Аль-Хассна жана Саудиялык компанияларды алдыга жылдыруу, чет өлкөлөрдөгү долбоорлор менен иштөө дирекциясынын жетекчиси Нассер Алакил менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлгинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, тиешелүү ведомстволордун ортосунда өз ара иш сапарларды уюштурууга, Сауд Аравиясынын компанияларынын Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго катышуусуна, туризм жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, өз ара жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы түз үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачуунун маанилүүлүгүнө басым жасашты.

Элчи Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын инвестициялар министринин орун басарына инвестициялык климатты жакшыртуу, жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүү, өлкөдөгү ата мекендик жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо боюнча президенттин саясаты жана КР министрлер кабинетинин аракеттери тууралуу маалымат берди, ошондой эле Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорун жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу үчүн Сауд Аравиясынын бизнес-коомчулугу менен жолугушууларды өткөрүүгө даярдыгын билдирди.

Улукбек Марипов жана Мохаммед Аль-Хассна 2022-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда өткөрүлүшү пландалган кезектеги кыргыз-сауд бизнес форумун жогорку деңгээлде өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар экономика, соода жана инвестиция чөйрөсүндө эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча тыгыз ишти улантуу, ошондой эле үзгүлтүксүз негизде түз байланышты улантып турууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий