• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын соттук системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чара өтүүдө

Президент 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын соттук системасынын 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Иш-чарада президент сөз сүйлөп, Кыргызстандын эли дайыма сот адилеттүүлүгүнө чоң маани берип келгенин белгиледи.

Аны менен бирге ал, сот системасынын кызматкерлерине кайрылып, акыйкат, таза, көз карандысыз сот ситемасын курбай туруп, өлкө өнүкпөй тургандыгын айтып өттү.

"Тажрыйба көрсөтүп тургандай, баардык тармактарда реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу соттук системага барып такалат. Ошондуктан соттук реформага өлкөнүн өнүгүшүнө таасир эткен реформа катары кароо керек. Ар бир сот ал жоопкерчиликти сезиши керек", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий