• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Сот реформасынын ишке ашырылбагандыгы өлкөнүн өнүгүүсүнө кедерги болууда

Президент 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Сот реформасынын ишке ашырылбай, артка жылдырылып келгени — өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кедерги болгон тоскоолдуктардын бири болду. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын соттук системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Ал белгилегендей, ошондуктан, эч кылчактабай, реформаны аягына чыгаруу керек. Мамлекет бул иште сотторго ар тараптан колдоо көрсөтүп жатат.

"Ошол эле учурда, маселенин көбү соттордун корпусунун ичинде чечиле турганын, судьялардын өзүнө гана байланыштуу экенин – башкалар эмес, сиздер жакшы түшүнөсүздөр. Албетте, соттор көз карандысыз болушу керек. Башкалардын таасири менен туура эмес чечим чыгаруу мүмкүндүгүн жоюу зарыл. Бирок, сот бийлигинин көз карандысыздыгын – жеке соттун өзүм билемдиги деп түшүнүүгө болбойт. Ар бир сот кабыл алган чечими үчүн өлкөбүздүн, коомубуздун алдында жоопкер", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий