• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлдөрү жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Баткен облусундагы кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкелеринде кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргызстандын жана Тажикстандын, ошондой эле Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуулары өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмүнөн билдиришти.

Үч мамлекеттин чек ара өкүлчүлүктөрү 2019-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарышып, 2020-жылга карата өз ара аракеттин планын бекитишти.

Андан соң чек ара тарамдарынын башчылары (чек ара заставаларынын башчылары) үчүн кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкелеринде чек арачылардын өзүн алып жүрүү боюнча биргелешкен практикалык сабактар өткөрүлдү. Чек ара заставаларынын башчылары мамлекеттик чек аранын такталбаган тилкелеринде биргелешип кайгуул жүргүзүү боюнча тапшырмаларды такташты. Үч мамлекеттин аскер кызматкерлерине мамлекеттик чек арада укук тартибин профилактика кылуу боюнча ишмердүүлүктү активдештирүү жана чек ара тилкелеринде жаралган маселелерди чечүүгө эффективдүү өз ара аракет көрүү боюнча тапшырма коюлду.

"Биздин максат - кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын биргелешип кайтарган чек ара заставалары ортосунда кызматташтыкты бекемдөө. Мындай сабактардын жардамы менен аскер кызматкерлер мамлекеттик чек арада жагдайдын өзгөрүшүнө ыкчам аракет көрүү механизмдерин иштеп чыгышып, биргелешкен иш-аракет тартибин жана ыкчам маалымат алмашуу тартибин аныкташат ", - деп билдирди Баткен чек ара отрядынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев.

Тажик чек арачылары менен өткөн жолугушуу мини-футбол боюнча турнир менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий