• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 13-декабрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий