• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалы жогору

Аймак 0

Бишкек, 04.01.23 /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалы жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-январдан 5-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, "Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу" унаа жолунун 55-107- чакырымында, "Ала-Бука - Каныш-Кыя" унаа жолунун 68-10-чакырымында (Чапчыма ашуусу) "Красная-Горка - Акташ" унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий