• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүү 4,4 млрд долларды түздү – Улуттук статком

Экономика 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2019-жылдын январь-августундагы алдын ала маалыматтарга караганда 4,4 млрд. АКШ долларын түзгөн. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Улуттук статкомдун төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев билдирди.

Анын айтуусунда, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 4,6 пайызга төмөндөп, ошол эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 10,8 пайызга жогорулап, ал эми импорттук түшүүлөр тескерисинче, 9,2 пайызга кыскарган.

«Республиканын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрү менен өз ара соода-сатыгынын көлөмү 2019-жылдын январь-августунда 1,7 млрд. АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 5,0 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 8,0 пайызга, импорттук түшүүлөр 4,1 пайызга кыскарганы байкалган. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен республика эң көп соода-сатык жүргүзгөн өлкө Россия (60,8 пайыз) жана Казакстан (36,9 пайыз) болгон», - деп кошумчалады Оросбаев.

Пикир

Оставить комментарий