• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик баалуу кагаздардын ээси боло алат

Экономика 0


Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик баалуу кагаздардын келечектүү ээси боло алат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди.

Анын айтымында, пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтында12 айлык мамлекеттик казына векселдерин (МКВ) жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик кыска мөөнөттүү облигацияларды (МКБ) жайгаштыруу жана жүгүртүү башталат. Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуу 25-26-май күндөрү башталат.

Ал белгилегендей, башкы максат - биржада мамлекеттик баалуу кагаздар тармагын өнүктүрүүгө тышкы жана ички инвестицияларды тартуу.

"Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, мамлекеттик баалуу кагаздар капиталдык салымдын эң ишенимдүү жана ликвиддүү каражаты болуп саналат. Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү улуттук финансы рыногун өнүктүрүүгө жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө өбөлгө түзөт. Бүткүл дүйнөдө мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу тартылган каражаттар максаттуу инвестициялык программаларды жана олуттуу капиталды көп талап кылган социалдык долбоорлорду каржылоонун эң маанилүү булагы боло алат", - деди ал

Өз кезегинде "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКтын президенти Медет Назаралиев мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестиция салуу эң эле коопсуз болуп саналат жана мамлекет төлөмдү өз мөөнөтүндө төлөөгө кепилдик берерин маалымдады. "Эми коммерциялык банктар, ассоциациялар, компаниялар, жеке пенсиялык фонддор мамлекеттик баалуу кагаздарды түздөн-түз биржадан, ошондой эле брокердик мекемелер жана коммерциялык банктар аркылуу, жөнөкөй жарандар аркылуу сатып алышат", - деди Назаралиев.

Назаралиев жарандар баалуу кагаздарга инвестиция салуу үчүн ири суммадагы акча топтоосу керек эмес экенин белгиледи. "Эгер сизде 10 миң же 20 миң сом болсо, сиз баалуу кагаз сатып алып, кийин жылдык 8%, 15% киреше алсаңыз болот. Же эгер акча керек болсо сиз аны биржа аркылуу сата аласыз", - деди ал.

Ошондой эле "кыргыз фондулук биржасы" ЖАКтын директорлор кеңешинин мүчөсү Нурбек Элебаев Кыргызстан баалуу кагаздарды Улуттук банктын системасында жүгүрткөн жалгыз өлкө экенин билдирди. "Иш жүзүндө бардыгы бул практикадан баш тартышты, анткени мамлекеттик баалуу кагаздар бюджетке каражат табуу үчүн чыгарылган. Эми өлкөнүн бюджетине социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каражат керек. Коммерциялык банктар мамлекеттик баалуу кагаздардын негизги инвесторлору бойдон калышты", - деди ал.

Анын маалыматы боюнча, аталган долбоордун алкагында чет элдик инвесторлор жана калк Кыргызстанджын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногуна чыгууга мүмкүндүк алышат.

"Чет мамлекеттерде эл аманаттарын мамлекеттик баалуу кагаздарга жумшайт. Жакында мамлекеттик баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү үчүн мобилдик тиркемени ишке киргизүү пландалууда. Тиркеме ишке киргизгенден кийин жаран брокерге барып, келишим түзүүсү милдеттүү болбой калат. Ошондой эле долбоордун алкагында өлкөгө дүйнөлүк каржы рыногунан каражаттар тартылат", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий