• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында "Бирдиктүү терезе" киргизилүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында "Бирдиктүү терезе" киргизилүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова билдирди.

Ал белгилегендей, быйыл 10-октябрда жогорку окуу жайларда студенттерге жана ата-энелерге берилүүчү маалымкат, документтерди "Бирдиктүү терезе" тутумуна ылайык автоматташтыруу боюнча Билим берүү министрлигинин буйругу чыккан.

"Буйрук чыкканга чейин эле 2017-жылы "Бирдиктүү терезе" Ош мамлекеттик университетинде киргизилген. Ал эми буйрук чыккандан кийин ал Улуттук университетте, Медициналык академияда, Бишкек мамлекеттик университетинде, Айыл-чарба университетинде киргизилди", - деди ал.

Абылкасымова белгилегендей, башка мамлекеттик жана жеке окуу жайларда да "Бирдиктүү терезе" киргизилүүдө.

Анын айтымында, "Бирдиктүү терезенин" киргизилиши менен студенттер керектүү маалымкат жана документтерди бир жерден ала алышат. Маселен, алардын ичинде окуу жайды бүткөндүгү тууралуу аныктаманы, окугандыгы тууралуу, академиялык ж.б. маалымкаттарды 15-20 мүнөттө алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий