• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга Америкалык геотермалдык энергия боюнча адистер келишет

Коом 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Арзан баада жылуулук жана электр энергиясын өндүрүүгө адистешкен америкалык компания жакын арада Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 27-сентябрында Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев Astera International LLP компаниясынын аткаруучу директору Боб Арефи менен жолугушкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө Astera International LLP компаниясынын директору Боб Арефи алдыңкы заманбап жабдууларды колдонуу менен геотермалдык энергияны алууга жетишип, жаратылышка зыян келтирбей туруп бүтүндөй өлкө калкын арзан жылуулук жана арзан баада электр энергиясы менен камсыз кылуунун жолдору менен тааныштырды.

Элчи Аманбаев геотермалдык энергияны колдонуу долбоорун ишке ашыруу кышкы суук алты ай бою созулган Кыргызстан үчүн аябай маанилүү экенин жана бул долбоорду тез аранын ичинде ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, аталган компанияга кыргыз өкмөтү менен биргеликте иш алып барууну сунуштады.

Талкуунун соңунда жакынкы күндөрү аталган компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, бул долбоорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү министрликтер менен жолугушууларды өткөрөөрү макулдашылды.

Геотермалдык энергия - жер астындагы +20 ° Сден жогорудагы ысык суудан алынган жылуулук. Учурда дүйнө жүзүндө геотермалдык энергияны активдүү колдонуу жайылууда. Дүйнөлүк практика боюнча заманбап технологияларды колдонуу менен бир нече миң метр тереңдикте жер алдынан сөзсүз түрдө кайнаган ысык сууну табууга болот жана аны күндөлүк турмушка жылуулук үчүн колдонуп жана андан арзан электр энергиясын өндүрүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий