• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга чет жактан кирген жүк ташуучу унаанын 32 айдоочусунда коронавирус табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанга чет жактан кирген жүк ташуучу унаанын 32 айдоочусунда коронавирус табылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, 19-марттан 15-майга чейин өлкөгө сырттан 17 миң 432 жүк ташуучу унаа кирген.

"Алардын ичинен 32 айдоочуда коронавирус табылды. Акыркы учурда чет жактан кирген айдоочуларда коронавирус катталган учурлар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу алгоритмди өзгөртүүнү карап жатабыз. Чек арадан ПЧР тесттерин алып, эгер тез бузулуучу азык-түлүк жүктөлгөн унаа болбосо айдоочуну 6 саат кармап, анализ чыкканда гана коё берип жатабыз", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1243кө жетти. Алардын ичинен 257си медицина кызматкери. Илдеттен 898 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий