• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга Корея Республикасынын премьер-министри расмий сапар менен келет

Өкмөт 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Кыргызстанга Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапары менен келет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Ли Нак Ёндун расмий сапары 17-июлда башталып 19-июлга чейин созулат.

Корея Республикасынын премьер-министринин расмий сапарынын алкагында бир нече иш-чара пландаштырылган. Анын ичинде 50дөн ашык кореялык компаниянын катышуусунда 2 кыргыз-корея бизнес-форумун, «В2В» жолугушууларын, ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү пландалган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Корея Республикасынын премьер-министрин президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюлары белгиленүүдө.

Пикир

Оставить комментарий