• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга Россиядан 147 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-май күнү "Москва-Бишкек" чартердик каттамы менен Кыргызстанга 147 жаран кайтарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстандык жарандар Бишкекке "Авиа Траффик" авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

"Кыргыз Республикасынын өкмөтү бардык мекендештерибизди өлкөгө кайтаруу үчүн болгон аракеттерди көрүүдө", - деп билдирет республикалык штаб.

Пикир

Оставить комментарий