• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанга өзүнүн өнүгүү банкын түзүү керек – депутат

Экономика 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда өндүрүш секторун өнүктүрүү максатында өзүнүн өнүгүү банкын түзүү керек. Бул тууралуу КРнын 2019-2024-жылдарга каратат өнөр жайды өндүрүү Стратегиясын ишке ашыруу Планын талкулоонун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев айткан.

Анын айтуусунда, мындай банктар бизнести өнүктүрүү үчүн жогору эмес үстөк менен “узак мөөнөттүү акчаларды” бере алмак. “Банктар кредиттерди 15% жылдык үстөк менен берип жатса, кайсы өндүрүш жана бизнес тууралуу сөз болмок эле? Бизге өзүбүздүкү болгон өнүгүү банк керек. Ошондо гана биз экономика аны менен бирге бүтүндөй өнөр жай комплекси алдыга жылат деп айта алабыз”, - деп белгиледи Байбакпаев.

Аталган Планда жер казына, тамак аш, кайра иштетүү жана жеңил өнөр-жай жана ошондой эле курулуш менен туризм чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплекси каралган. Ошондой эле аймактарда жаңы жана токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү да каралган.

Пикир

Оставить комментарий