• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылдын биринчи жарымында чыгымдардын өсүү темпи 134%ды түздү

Экономика 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында план боюнча чыгымдар 148,8 млрд сомду түзсө, азыркы учурда аткаруу 199,4 млрд сомго жетти. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул 50,6 млрд сомго көп, же өсүү темпи 134%га жеткен.

Белгиленгендей, 6 ай аралыгында Финансы министрлиги тарабынан 50 млрд сомдон ашык кошумча чыгымдар үчүн булактар макулдашылып, аныкталган.

Секторлор боюнча республикалык бюджеттин чыгымдары

Эң көп үлүшүн, 46%га жакынын социалдык сектордун чыгымдары же 80,1 млрд сом ээлейт, эмгек акынын жогорулашынан, пенсиянын, жөлөкпулдардын базалык бөлүгүнүн көбөйүшүнөн, ошондой эле дары-дармектерди сатып алуу боюнча чыгымдардын көбөйүшүнөн улам 20,8 млрд сомго өсүш болууда.

Мамлекеттик сектор боюнча чыгымдар 11,8 млрд сомду түздү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,0 млрд сомго өсүш болууда.

Реалдуу сектор боюнча 2022-жылга салыштырмалуу чыгымдардын көбөйүшү 2,5 млрд сомду түздү жана 17,3 % болуп 30,2 млрд сомго жетти.

2023-жылдын биринчи бөлүгүндө 1364 объект 10,0 млрд сомго каржыланган.

Алар:

  • 1000 социалдык объектке – 2,5 млрд сом;
  • 103 суу менен камсыздоо жана ирригация объекттерине – 1,0 млрд сом;
  • 219 автожол жана көпүрө объекттерине 1,1 млрд сом.

Пикир

Оставить комментарий