Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. Кышка карата имараттардагы өрттөрдүн алдын алуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 30-октябрда ӨКМдин Сузак райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн тийиштүү кызматкерлери тарабынан Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Таш-Булак айылынын “Аиша Саддика” кыздар медресесинин мугалимдерине жана окуучуларынын өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
"Күз-кыш мезилинде катталган өрт кырсыктарынын көпчүлүк бөлүгүн имараттарда жана турак үйлөрдө чыкккан өрттөр түзгөндүктөн, адистер тарабынан эл жыш жайгашкан жайларга, социалдык объектилерге барып, өрт коопсузду боюнча эрежелерди эскертүү күчөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Медресенин мугалимдерине жана окуучуларына тилсиз жоодон коргонуу эрежелерин түшүндүрүү учурунда баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандар менен иштөө тартиби практика жүзүндө көрсөтүлүп, үйрөтүлдү.
Пикир
Оставить комментарий