• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытай америкалык товарларга кошумча төлөм киргизет

Дүйнө 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. Пекин америкалык айрым товарларга кошумча бажы төлөмүн киргизиши мүмкүн. Азырынча кытай бийлиги Вашингтонду соода жаңжалын сүйлөшүү жолу менен чечүүгө үндөөдө.

Жума күнү Кытайдын Соода министрлиги билдиргендей, өлкө бийлиги Американын чочко этине 25 пайыз, жашылча-жемиш, шарап жана болоттон жасалган түтүктөргө 15 пайыз бажы алымын киргизүүгө ниеттенүүдө. "Немис толкунунун" эсеби боюнча жалпысынан бул кытай бюджетине 3 миллиард доллар киреше алып келет.

Бейшембиде АКШ президенти Дональд Трамп айрым кытай товарларына пошлина киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал мындан тышкары Кошмо Штаттардагы кытай инвестициясына чектөө киргизүү чараларын иштеп чыгууну тапшырган. Америка киргизе турган пошлинадан Кытай 50 миллиард доллар зыян тартары белгиленүүдө.

9-мартта Трамп импорттук болот жана алюминийге кошумча салык салууну бекиткен.

Пикир

Оставить комментарий