• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытай балдарды COVID-19га каршы 3 жашынан эмдей баштайт

Дүйнө 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кытайда 3 жаштан 11 жашка чейинки балдарды COVID-19га каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышууда.

Маалыматка ылайык, аймактардын администрациялары жана беш шаардын мэриясы жакында ушул курактагы балдар үчүн эмдөө милдеттүү болорун эскертишүүдө.

“Кытайда расмий маалыматтар боюнча, калктын 76%ы эмдөөдөн өттү, бирок бийлик коронавируска нөлдүк сабырдуулук саясатын карманышат. Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бир суткада өлкөдө коронавирус жуктурган 35 жаңы учур катталган. Ошол эле учурда Worldometers эсептегичи 43 жаңы учур экенин маалымдаган”, - деп айтылат маалыматта.

Жайында Кытай өкмөтү 3 жаштан жогорку балдарды Sinopharm жана Sinovac коронавирустук вакциналары менен эмдөөнү чечкен, бирок азырынча өлкөдө 12 жана андан улуу жаштагы балдар гана эмделди.

Пикир

Оставить комментарий