• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайда коронавирусту жуктуруп алгандарды саны 2835ке жетип, 81 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Кытайда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 2835ке жетип, 81 адам каза болду. Ошондой эле 57 адам аталган оорудан айыкканын жергиликтүү CCTV телеканалы билдирет.

Буга чейин Кытайда жаңы илдетти жуктуруп алгандардын саны 2744кө жетип, 80 адам каза болгону айтылган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайвань, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда болгон.

Пикир

Оставить комментарий