• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытайда жаңы тараган вирустан төрт адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Кытайдын Ухань шаарындагы тараган коронавирустун жаңы тибинен төртүнчү адам каза болду. Бул тууралуу Ухань шаардык саламаттык сактоо боюнча комитети билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Билдирүүгө ылайык, 19-январга карата вирусту жуктуруп алды делип 198 адам каттоодо турат. Ал эми 25 адам ооруканадан дарыланып чыккан жана 4 жаран көз жумган.

Каза болгондордун арасында 89 жаштагы эркек киши болгон. Ооруларынын алгачкы белгилери 13-январда байкала баштаган. Көп өтпөй, 18-январда кытайлык жаран дем алуусунда кыйынчылыктар жаралып ооруканага түшкөн. Дарыгерлердин аракетине карабай бир күндөн кийин жан берген.

Учурда 169 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен тогуз адамдын абалы оор, 35и өтө оор абалда деп бааланууда.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын бийлиги Ухань шаарында белгисиз вирустун тараганын айтып чыккан. Адистер ооруну козгогон коронавирустун жаңы тиби экенин божомолдошкон.

20-январдын маалыматында, жалпы жонунан коронавирусту жуктуруп алды деп 218 адам каттоодо турат. Ухань шаарында 198, Пекинде 5, Шанхайда 1, Гуандунда 14 адам ооруга чалдыккан.

Аталган вирус Түштүк Корея, Япония жана Тайланд өлкөсүндө да катталганы айтылат.

Коронавирус өзүнө 30дан ашык вирусту камтыйт. Алгачкы ирет 1965-жылы катталган. Вирус адам, үй жаныбар, куш, чочко жана бодо малдын ден соолугуна терс таасир тийгизет. Ал дем алуу системасын, ичеги-карын жана нерв системасын жабыркатат.

Пикир

Оставить комментарий