• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытайдан келген этникалык кыргыздар Бишкекте концерт берди

Маданият 0

Бишкек, 23.03.19. /Кабар/. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунан келген этникалык кыргыздар Бишкектеги Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында кайрымдуулук концертин беришти.

Кечээ күнү болгон концерт улуттук стилде өткөрүлүп, манасчы, бийчи, ырчылар өнөрлөрүн тартуулашты. Аны менен катар муунда-муунга сакталып келе жаткан кыргыздын байыркы салттары да сахналаштырылып көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, Кытайдан келген маданий делегация Нооруз майрамына карата президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен келген. Алар 25-мартка чейин Кыргызстанда болушат.

Алар Бишкекте дагы бир нече концерт өткөрүп, Чыңгыз Айтматовдун үй музейине, "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркына, Ата-Бейит мемориалдык комплексине барышат.

Сүрөт Роман Гайнановдуку

Пикир

Оставить комментарий