• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кызыл-Кыя шаарында 3 жолу оор берене менен соттолгон жаран унаа айдап качкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарынан автоунаа уурдап айдап качкан жаран кармалды, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 25-январда 20 жаштагы жигит “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаасын унаа жуучу жайдан белгисиз адам айдап качкандыгын айтып милицияга кайрылган.

Бул арыз Кызыл-Кыя шаардык милициясынын Кылмыштардын жаран жоруктардын бидиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренесинин ("Автотранспорт каражаттарын айдай качуу") негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын 26 жаштагы А.М. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү делген жаран буга чейин 3 жолу оор берене боюнча соттолгондугу аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий