• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыяда 17 жана 18 жаштагы жигиттер телефон уурдап-тоноого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 17 жана 18 жаштагы жигиттер телефон уурдап-тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 29-ноябрда Ноокат районунун 30 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында жайгашкан мончодо "Redmi NOT8" үлгүсүндөгү базар баасы 12 800 сом болгон уюлдук телефонун белгисиз атуулдар тарабынан уурдатканын билдирип, милицияга арыз жазган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренеси ("уурулук") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция кызматкерлери кылмыш боюнча Ноокат районунун 18 жаштагы Р.Э. аттуу тургунун Кызыл-Кыя шаарында жүргөн жеринен кармашкан.

Ушул эле жылдын 29-ноябрында Кызыл-Кыя шаарынын 24 жаштагы тургунунун дүкөнүнүн айнегин сындырып киришип, 17 650 сомдук кийим-кечесин белгисиз атуулдар уурдап кеткен. Ошондой эле 28-ноябрда Кызыл-Кыя шаарындагы базарда 18 жаштагы жигиттин колундагы "Samsung A40" үлгүсүндөгү базар баасы 14 миң сом болгон телефонун Б. аттуу жаран тартып алып, изин жашырып кеткен.

Аталган факты Жазык кодексинин 201-беренеси ("тоноочулук") менен катталып, тергөө иштери башталган. Жогорудагы катталган кылмыштар боюнча милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп, ушул эле шаардын Совхоз участкасынын 17 жаштагы А.Я. аттуу тургунун кармашкан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган мүлктөр өз ээлерине кайтарылып берилген. Азыркы күндө жогорудагы фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий