• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыяда милиция эмгекке тартылган өспүрүмдөргө рейд жүргүздү

Аймак 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. 12-14-июль күндөрү Кызыл-Кыяда "Өспүрүм эмгек" рейддик иш-чарасы өтүп, анын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон өспүрүм табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чара балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан жайкы каникул убагында оор жумушка тартылган өспүрүмдөрдү, кароосуз жана көзөмөлсүз калган жаш балдарды аныктоо максатында өткөрүлдү.

Кызыл-Кыя шаар аймагында жайгашкан "Таштемир-Ажы" борбордук базарында араба сүйрөгөн, кафе-ресторандарда, түнкү компьютердик клубтарда эмгектенип жаткан жаш өспүрүмдөр аныкталып, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 3 протокол толтурулуп, айып пулдар салынды.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон жаш өспүрүм кыз табылып ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий