• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыяда окуучуларга диний экстремизмдин алдын алуунун жолдорун түшүндүрүштү

Аймак 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында окуучуларга диний экстремизм менен терроризмди алдын алуунун жолдорун түшүндүрүштү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштерин Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери КР президентине караштуу Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын Баткен облусундагы өкүлү Ч.Юсупов, Кызыл-Кыя шаарынын башкы имам-хатиби Н.Топчиев жана милициянын балдар иштери боюнча тескөөчүлөрү менен биргеликте уюштурушкан.

"Окуучуларга Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик, террористтик уюмдардын ишмердүүлүгү жана алардын өзгөчөлүктөрү, интернет мейкиндигиндеги диний-экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан каралган жоопкерчиликтер, бул багыттарда ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын максаты жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңында диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу маалыматтардын жайылышына жол бербөө, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий