• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев Ош облусундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты - фото

Аймак 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жумуш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы жазгы-талаа иштеринин жана ирригациялык каналды тазалоонун жүрүшү менен таанышты.

Өкмөт башчы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы «Оомат-Агро» айыл чарба кооперативинин ишмердиги менен таанышып чыкты.

Фермерлер менен маектешүүдө премьер-министр өлкө Өкмөтүнүн ишмердигиндеги атамекендик айыл чарбаны колдоо жана өнүктүрүү боюнча негизги багыттар тууралуу айтып берди.

Ал баса белгилегендей, учурда үрөн чарбалары үчүн дотацияларды жана жеңилдиктерди берүү каралууда.

«Дыйкандардын айыл чарба кооперативдерине биригүүсү артыкчылыктуу болуп саналат. Үрөн жакшы болгон шартта гана бай түшүм алууга болот. Бул маселеге чоң көңүл бурулат. Элет эмгеги өтө оор жана талыкпай иштөөнү талап кылат. Калкыбыздын көпчүлүгү агрардык тармакка тартылган, буга байланыштуу айыл чарбасын мындан ары карай өнүктүрүү ар дайым артыкчылыктуу болуп саналат»,- деди өкмөт башчы.

Премьер-министр менен маектешүүдө аграрийлер жеңилдетилген насыя берүү шарттарын жакшыртуу тууралуу маселени көтөрүштү.

Премьер-министр белгилегендей, «Айыл Банк» ААК жетекчилиги менен жеңилдетилген жана узак мөөнөттүү насыялоонун фермерлерге жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү чаралары талкууланат.

Абылгазиев «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында каражаттарды максаттуу берүү деталдуу текшериле турганын кошумчалады.

Андан соң Өкмөт башчы Отуз-Адыр айыл аймагындагы магистралдык каналды тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев билдиргендей, узундугу 52,4 км болгон бул канал Кара-Суу районунун жалпы аянты 12 849 га жерин сугат суу менен камсыздайт.

Абылгазиев фермерлерди жана дыйкандарды сугат суу менен толук көлөмдө камсыздоо зарылдыгын баса көрсөтүп, каналды тазалоону белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды.

Ошону менен бирге Өкмөт башчы жазгы-талаа иштерин тийиштүү деңгээлде аткарууга шарт түзүү үчүн республика боюнча стратегиялык ирригациялык каналдарда бардык тазалоо иштерин сапаттуу жана өз убагында камсыздоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий