• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында 570 орундуу мектеп жана бала бакча салынат

Аймак 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 570 орундуу мектеп жана бала бакча салынат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Нуртилек Орозбаев, вице-мэр Руслан Алтымышев, шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев баштаган жергиликтүү эл өкүлдөрү "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Саид Баюми менен жолугушту.

Буга чейин тараптардын ортосунда шаардын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу тууралуу сөз жүргөн. Аталган кайрымдуулук борбор жаңы мектеп, бала бакча, социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарга турак жай, мечит куруп, үй-бүлөлүк дарыгелер тобуна жаңы имарат тургузмай болду.

Жергиликтүү бийлик социалдык имараттардын курулуусу үчүн шаардан жер бөлүп берүүнү колго алып, жаңы курулуштардын долбоору даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий