• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлекте "Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы" атындагы орто мектептин имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-апрелде, Лейлек районунун Чурбек айылындагы "Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы" атындагы орто мектептин имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чарага облус башчысы Абдикарим Алимбаев катышты, - деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, облус башчысы алгач мектептин жамаатын жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, жаңы билим уясы көптөгөн жылдар бою миңдеген жаш муундарга тарбия, билим берген куттуу жайга айлануусун каалады. Аталган мектеп жалпысынан 225 орунга ылайыкташып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынган.

"Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы" атындагы орто мектептин курулушу 2021-жылдын 18-майында башталып, “Сапат Нур” ЖЧК тарабынан курулуш иштери жүргүзүлгөн.

Жаңы мектеп заманбап эмеректер менен толук шартта курулуп пайдаланууга берилди. Мындан сырткары, кошумча спорт имараты да курулган.

Жалпы долбоордук суммасы 75 млн сомду түзөт.

Белгилей кетсек, аталган билим уясы буга чейин М.Юлдашев атында болсо, эми "Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы" болуп өзгөртүлдү.

Эске салсак, Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү максатында өлкө башчысынын атайын жарлыгы чыккан. Ага ылайык, Лейлек, Баткен райондорунун аймактарында кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн жаңжалда жабыр тарткан 8 социалдык объектинин курулуш иштерине жана капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн республикалык бюджет эсебинен 250 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий