• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Лев Толстой көчөсү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. 17-октябрда Лев Толстой көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Лев Толстой көчөсүн реконструкциялоо 2020-жылдын октябрь айында жүргүзүлгөн. "Бул жол дагы кепилдикте болгондуктан, бөдрөтчү компания аны өз эсебинен оңдоп берет", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Анкара көчөсү өтмөк үчүн альтернативдүү көчө.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий