• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте фонтандарды жууп-тазалоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаадагы фонтандарды жууп-тазалоодо.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы тапта жаштар аллеясындагы, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Тарых музейинин алдындагы, «Ала-Тоо» аянтындагы фонтандар жуулуп жатат.

Ошондой эле "Күн балыктары", "Алтын Балыктар" фонтан комплекстери да унутта калган жок.

Белгилей кетсек, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан бар.

Пикир

Оставить комментарий