• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүү улуттук программасынын долбоору талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-октябрда, Ош шаарында академиялык чөйрөнүн жана ЖОЖдордун өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүү улуттук программасынын долбоору талкууланды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Иш-чара программанын жоболорун илимий-академиялык коомчулук менен талкуулоого багытталган.

Бул жолугушуу 2026-жылга чейинки улуттук программанын долбоорунун кезектеги талкуусу. Мурунку жумада ушундай эле жолугушуулар бизнес, жарандык коомчулук, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен өткөн.

Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын өкүлдөрү аталган документти иштеп чыгуунун актуалдуулугун, анда өлкөдөгү, аймактагы жана дүйнөдөгү болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эске алуу менен мындан аркы өнүгүүнүн жаңы көз карашын калыптандыруу камтылганын баса белгилешти.

Өнүгүү багыттарынын ар бири боюнча орто мөөнөттүү максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууга багытталган долбоорлордун тобу сунушталат.

Иш-чаранын жүрүшүндө талкуулар болуп, сунуш жана пикирлер айтылды.

Пикир

Оставить комментарий