• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө аймагында 4нөн 8-сентябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.09.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 4нөн 8-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 4-сентябрда жана 5-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-сентябрда күндүз жана 6-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

7-8-сентябрларда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Өлкө аймагында 9-10-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Лейлек, Талас, Базар-Коргон, Жети-өгүз, Нарын райондорунун токойлорунда өрттүн жогору коркунучу бар, калган аймактардын токойлорунда өрттүн коркунучу аз.

4-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында күтүлгөн аба-ырайы: 4-сентябрда жана 5-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-сентябрда күндүз жана 6-8-сентябрларда бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

9-10-сентябрда Чолпон-Ата шаарында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу: 9-10-сентябрларда жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Кырчын капчыгайында 4-сентябрда жана 5-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

5-сентябрда күндүз жана 6-8-сентябрларда бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Пикир

Оставить комментарий