• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө боюнча 92 объекттин курулуш иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 20.12.19./Кабар/. Өлкө боюнча 96 объекттин курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Архитектура, мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз катчысы Азиза Масимова билдирди.

Анын айтымында, быйыл 96 объектти бүткөрүү каралган.

"Бүгүнкү күнү 92 объект бүткөрүлдү. Калган 4 объектте иштер аяктап калды. Алардын ичинен: 41 – капиталдык курулуш объектилери, капиталдык оңдоп-түзөө объекттери – 33; таза суу боюнча – 9 объект. Алар 22 айылды таза суу менен камсыздайт", - деди ал.

Ал белгилегендей, 41 капиталдык курулуш объектисинин ичинде 28 мектеп, 6 саламаттык сактоо, 1 маданият, 2 спорт тармагындагы объект жана 1 турак-жай бар.

"Андан тышкары, дагы 3 объект бар: Нарын шаарындагы аянт, Талас облусундагы ат майданы, Жалал-Абад шаарындагы реабилитациялык балдар мекемеси", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий