• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өткөн жылдын октябрынан тарта өлкө аймагында 58 өзгөчө кырдаал катталды

Коом 0

Бишкек, 17.10.22. /Кабар/. 2021-жылдын октябрынан 2022-жылдын октябрь айына чейин республиканын аймагында 59 өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, бул өткөн жылга салыштырмалуу 16%га көбөйгөн.

"2020-жылы октябрдан 2021-жылдын өктябрына чейин 50 өзгөчө кырдаал катталган. Быйылкы болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 340 жараны каза болду. Бул каза болгондордун 213 ковид илдетинен, 63 жаран Баткендеги чек арага байланышкан кырдаалдан улам каза тапкан", - деди ал.

Министр белгилегендей, 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын октябрына чейин 1364 жаран каза болуп, алардын 1251 ковид илдетинен көз жумган. Быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу адам өлүмү 4 эсеге азайган. Ал эми материалдык чыгым 535 млн 590 миң 600 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырганда 72,3% га аз экени белгиленди. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында материалдык чыгым 1 млрд 390 миллион 782 миң 200 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий