• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ саатына 2,3 миң долларга тик учакты ижарага берет – Ажикеев

Коом 0

Бишкек, 17.10.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын ижарага алып колдонууга болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында министр Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, ведомстволык авиакомпания толугу менен коммерциялык болуп саналат. Ошондуктан, жеке ишкер болобу, мамлекеттик же жеке компания болобу, акчасын төлөп, тик учакты өзүнүн максатына колдоно алат.

"Бир саат колдонуунун баасы 2 300 долларды түзөт. Коомчулукта ведомстволук тик учакты жеке жактар тейлеп жатат деген сөздөр айтылууда. Тик учакты жеке ишкерлер изилдөө жүргүзүүгө, же бир жакка тез жетүү үчүн жана куткаруу иштерине ижарага алып, колдоно алышат. Мисалы, кечээ жеке ишкер тик учакты 800 миң сом төлөп, 4 саат 16 мүнөткө өзүнүн максатына колдонду. Аталган тик учак 2 млн 730 миң еврого сатылып алынган. Аны бекер колдонуу мамлекетке келтирилген чыккынчылык деп эсептөөгө болот”, - деди ал.

Ажикеев министрликтин кызматкерлери, анын ичинде министр өзү дагы жеке иштерине тик учакты колдоно албасын белгилеп, жыл аягына чейин эки кыймылдаткычтуу дагы бир тик учак сатып алуу пландалып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий