• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгында катталган өрт кырсыгынын санын көрсөткүчү боюнча 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы Ош облусунда өрттүн саны 27 пайызга көбөйгөн. Катталган өрт кырсыктарынын көпчүлүк бөлүгү Кара-Суу жана Өзгөн районундорунда болгон.

ӨКМден кабарлашкандай, ага байланыштуу өрт кырсыгынын көрсөткүчүн кыскартуу максатында 2018-жылдын 22-ноябрында КР ӨКМнин Кара-Суу району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы жайгашкан өрт көп катталчу калктуу жана үйлөрү тыгыз жайгашкан турак үйдөрдүн жашоочуларына өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо боюча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ӨКМдин кызматкерлери жашоочулар үчүн турак үйдө өрт кырсыгын коопсуздугун алдын алуу үчүн жасалуучу жумуштарды, мештерди пайдалануудагы өрт коопсуздук эрежелерин туура сактоо жана мешти колдонууда тыюу салынуучу курулуш материалдарды колдонбоо боюнча түшүндүрмө иштери жүргүзүлүп, кошумча сунуш баракчалары таркатылды.

“Кыш мезгили – имараттардагы жана турак үйлөрдөгү өрт кырсыгынын көп катталган учуру болгондуктан жылытуу максатында колдонулган электро приборборлорду туура пайдалануу, ошондой эле морлорду жана мештерди жайгаштырууда өрт кырсыгы коопсуздугун эске алуу менен тилдсиз жоонун алдун алууга болот. Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо менен сиздер материалдык чыгымдарды гана кыскатпастан адам өмүрлөрүн да сактап каласыздар”, - деди КР ӨКМнин Кара-Суу району боюнча бөлүмүнүн башчысы Сүйүнбек Осмонов.

Пикир

Оставить комментарий