• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөдө «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы өтөт. Байге фонду 6 млн сом

Өкмөт 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Кыргызстанда «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы өтөт. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагын өткөрүү чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгынын алкагында «өсүү түйүндөрү» шаарларынын балдар жана жаштар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча ишине дем берүү максатында кабыл алынган.

«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдарга карата Аймактык саясат концепциясына киргизилген «өсүү түйүндөрү» шаарлары арасында өткөрүлөт.

Кеп Балыкчы, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кадамжай, Кара-Балта, Каракол, Кара-Көл, Кара-Суу, Кербен, Кочкор-Ата, Нарын, Ош, Талас, Таш-Көмүр, Токмок жана Өзгөн шаарлары тууралуу болуп жатат. Сынакка катышуу – ыктыярдуу түрдө.

«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын байге фонду 6 млн сомду түзөт.

Он шаардын ичинен комплекстүү баа боюнча жогорку балл топтогон 3 шаарга байгелүү орундар (1, 2 жана 3-орун) ыйгарылат.

Сынакта 1-орун алган шаар 3 млн сом акчалай сыйлык алат. 2 жана 3-орундарды ээлеген шаарларга 2 млн жана 1 млн сомдон берилмекчи.

«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын шарттары жана мөөнөттөрү тууралуу кеңири маалымат жакынкы мезгилде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий