• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкөгө мыйзамсыз чөнтөк телефондорду ташып келе жаткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Өлкөгө мыйзамсыз чөнтөк телефондорду ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен облусунда Б.И.Ф. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес Бенц 1223” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 350 даана чөнтөк телефон табылган.

Кармалган товардын жалпы наркы 545 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий