• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өлкөнүн экспорттук дараметин өнүктүрүү: Бишкекте логистикалык борбордун курулушу аяктады

Аналитика 0

Кыргызстандын өкмөтү өлкөнүн экспорттук дараметинин өнүгүүсүнө өзгөчө маани берип, бул багытта сезилерлик кадамдарды көрүүдө. Ушул жылдын февраль айында президент Сооронбай Жээнбеков парламентте сөз сүйлөп жатып ата мекендик продукцияны экспорттоого зарыл болгон шарттарды түзүү үчүн 19 ветеринардык жана 4 фотосанитардык лабораториялар ишке берилгенин айткан. Акыркы эки жылда ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген кыргыз ишканалардын саны 114гө жетти. Бул 2018-жылга салыштырмалуу дагы 47 ишканага көп.

Өлкөнүн экспорттук дараметинин өнүгүүсүнүн бирден бир мисалын Бишкекте 8 миң чарчы метрди түзгөн заманбап логистикалык борбордун курулушунун аякташын айтса болот. Логистикалык борбордун курулушуна түздөн-түз KyrSEFF программасынын байланышы бар. Ал программа Кыргызстан менен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр ортосунда соода жүгүртүүнү жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт.

"2019-жылы КРнын ветеринардык көзөмөлдөө системасы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрү тарабынан эквиваленттүү деп табылган. Бирок, 2007-жылдан тарта Россияга биздин өлкөдөн этти экспорттоого тыюу салынып келген. Бүгүнкү күндө өндүрүүчүлөр өздөрүнүн товарларын Россия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө эркин экспорттой алат", - дейт президент парламентте сөз сүйлөп жатып.

Анын айтымында, экспортту өнүктүрүү боюнча атайын программаны кабыл алган.

"Былтыркы жылы айыл чарба азыктары боюнча экспорттун көлөмү 24,5%га өскөн. Жергиликтүү ишкерлерге колдоо көрсөтүүнүн жыйынтыгында алар өздөрүнүн продукцияларын Кытай, Катар, Сауд Арабия, Япония жана башка өлкөлөргө экспорттой баштады. Ошондой эле Кытайга эт, бал жана кургак сүт экспорттоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Кытайдын бирдиктүү реестрине кыргызстандык 13 сүт өндүрүүчү жана 4 бал өндүрүүчү ишкана киргизилди", - дейт өлкө башчы.

Бишкектеги логистикалык борбордун жетекчилиги эски кондитердик фабрикалардын карамагында болуп, көптөн бери бош жаткан кампаларды ишке киргизүүнү чечишкен. Кампалар продукцияларды сактоодо жогорку эл аралык талаптарга жооп бериш үчүн толук оңдоп-түзөөгө муктаж болгон.

Аталган логистикалык борбор тиешелүү болгон SmartLogistiс компаниясы 11 жылдан бери кыргыз логистикалык базарында эмгектенет. Бүгүнкү күндө компания 10 миң чарчы метрден ашык аянтты түзгөн кампаларды ээлейт. Аларды түрдүү продукцияларды сактоо үчүн ижарага берип келет.

Логистикалык борбордун дагы бир өзгөчөлүгү ал башка имараттарга салыштырмалуу энергияны үнөмдөөсү менен айырмаланып турат. Заманбап стандарттарга ылайык салынган борбор экономикалык жактан натыйжалуу болуп эсептелинет.

2018-жылы аталган компания KyrSEFF программасына насыя жана керектүү маалымат алуу үчүн кайрылган. Инженер жана финансисттерден турган топ инвестициянын үстүнөн анализ жүргүзгөн: энергияны үнөмдөө, техникалык жана каржылык параметрлер жана экологиялык жактары. Имаратты модернизациялоо боюнча долбоордун планы өнөктөш болгон KICB банкы тарабынан кабыл алынган.

KyrSEFF программасынын консультанттарынын эсептөөсүндө, эски имараттарды энергия үнөмдөө менен жаңылана турган долбоорго 467 миң долларлык инвестиция тартууда SmartLogistiс компаниясы жыл сайын 452,5 МВтч энергияны үнөмдөй алат. Аны менен бирге, имарат зыяндуу СО2 заттардын чыгаруусун 20,58 тоннага азайтат жана жыл сайын болжол түрдө 9 миң 731 доллар акча каражатын үнөмдөйт.

Бүгүнкү күндө 8 миң чарчы метрди түзгөн кампалар толугу менен компьютерлештирилген. Кампаларда дары-дармектерди, майда буюм-тайымдарды жана жүктөрдү сактоого болот.

Маалымат үчүн:

Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасы (KнyrSEFF) 2013-жылы ачылган. Ал жалпы куржунунда 55 млн долларды камтыйт жана Европалык реконструкция жана өнүгүү банкы тарабынан иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий