• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Кабар" МАБ: Өлкө башчы бардык негизги маселелерди жеке көзөмөлгө алууда

Аналитика 0

Өлкөнүн аймактарына үзгүлтүксүз жумушчу сапарлар, министрлер жана жергиликтүү жетекчилер менен тынымсыз жолугушуулар, ошондой эле премьер-министр менен онлайн режиминде талкуулар Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгүн гана эмес бардык пландардын ийгиликтүү жүзөгө ашырууга жеке кызыкчылыгын көрсөтөрүнөн кабар берет. Жыл аягына чейин аз гана убакыт калды. COVID-19 пандемиясынын айынан көп нерсе, тилекке каршы, ишке ашкан жок. Бирок күз-кыш мезгилинин алдында коронавирус инфекциясынын мүмкүн болгон экинчи толкуну жана кезектеги парламенттик шайлоону өткөрүү бар. Жумуш көп, чоң жоопкерчилик жүктөлүүдө.

Күн мурун президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана жакшыртуу, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча чаралар талкууланды. Премьер-министр Кубатбек Боронов бул багытта Өкмөттүк түзүмдөрдүн көрүп жаткан камылгалары жөнүндө, ошондой эле бардык санитардык талаптарды эске алуу менен парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу иш-чаралары тууралуу айтып берди.

Мындан сырткары, жакында Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондоруна болгон иш сапарынын жыйынтыктары жөнүндө да айтып берди. Жер-жерлерде тургундар инвесторлордун — тоо-кен компанияларынын ишмердигине түшүнүү менен мамиле кылып башташканы белгиленди. Алардын фонддорунан бир катар социалдык маселелерге багытталган долбоорлор ишке ашырылып, ал эми компаниянын ишине көп сандаган жергиликтүү тургундар тартылууда.

"Кабар" МАБдын туруктуу эксперти Павел Дементьевдин айтымында, бүгүнкү күндө коомдун социалдык жүрүм-турумдагы бурулушу байкалууда.

"Бир нече жыл мурун Кыргызстандагы долбоорлордун үстүндө иштеп жаткан чет элдик компанияларга карата эл агрессивдүү мамиле жасаганы эсимде. Бул өз кезегинде, өлкөнүн инвестицияны тартууга таасирин тийгизип, мамлекеттин имиджин чагылдырган. Эми жаңы мезгил келе жаткандай сезилет. Коомдук аң-сезимдин өзгөрүүсү финансылык инвестициялардын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн деп болжолдоого болот. Ал аймактарды жана бүтүндөй Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө пайдалуу таасир тийгизет. Коомдук аң-сезимдин өзгөрүүсү өлкөнүн жогорку жетекчилигинин региондордун жашоочулары менен тынымсыз жолугушуулары аркылуу болушу керек деп белгилеп келгем. Жолугушууларда дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Натыйжа бере баштаганын көрүүгө болот", - дейт адис.

Ошондой эле өкмөт башчысы азыркы тапта республикалык бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн көбөйтүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда эл арасында тоо-кен иштетүү тармагына инвестиция тартуунун жана ар кандай чагымчыл чакырыктарды болтурбоонун маанисин түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошол эле маалда инвесторлордун ишмердигинде социалдык жагдайдын эске алынышы керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулбашына жана жер-жерлерде санитардык талаптардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду. Ар кандай терс билдирүүлөргө жана публикацияларга ыкчам реакция кылуунун, жарандардын коомдук коопсуздугун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекет башчысы таза шайлоо өлкөнүн өнүгүүсү үчүн негизги шарттардын бири экенин айтып, шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн Президент катары өз милдетин толук аткарып жатканын жана аткарарын белгиледи.

"Президент алдыдагы шайлоонун маанайын аныктайт деп айтсак болот. Чындыгында, анын ишмердүүлүгү өлкөдөгү жалпы саясий атмосферага кандайча пайдалуу таасир тийгизип жаткандыгын текшерүүгө болот. Сооронбай Жээнбеков иш жүзүндө өлкө кайрадан бирдиктүү механизм боло алаарын көрсөттү. Көп жылдардан кийин Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү жаатында жигердүү иштер жүрүүдө. Жалпысынан өлкөнүн саясий, коомдук турмушундагы кандайдыр бир ачылыш учур болду деп эсептейм. Санариптештирүүнү киргизүү - бул өлкөнүн жана жашоонун бардык тармактарынын кескин өнүгүшүндөгү дагы бир маанилүү кадам. Президент Жээнбеков өзүнүн демилгелерин кагаз жүзүндө билдирген жана алар аткарылууда. Ал коомду өзүнүн мисалында тарбиялоодо. Коом дагы өнүгүп-өсүп, чынчыл боло турган кез келди. Алдыдагы шайлоо жарандык аң-сезимдин толук потенциалын ачып бере алат деп ойлойм. Бул сөздөр жөн эле сөз бойдон калбайт деп үмүттөнөм”, - дейт саясат таануучу, Саясий системаларды изилдөө борборунун талдоочусу Марк Антонов (Санкт-Петербург).

Сооронбай Жээнбеков республикада шайлоо алдындагы жана шайлоо процессине терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон терс факторлордун алдын алуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүп жаткандыгын бир нече жолу белгилеген.

"Биринчиден, мыйзам талаасын кечиктирбей өз убагында оңдоп, түзөдүк. Мен эки жыл мурун айткам, көп кемчиликтер бар, оңдош керек, шайлоого бир жыл калганда мыйзам талаасын баары билиши керек. Шайлоо кандай өтөт, кандай мыйзам менен өтөт — ошонун баарын тең билиш керек", - деп баса белгиледи президент.

Ошондой эле атайын жумушчу топ түзүлүп, ал жумушчу топко президенттин аппаратынан, өкмөттөн, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, аппаратынан, эң негизгиси коомчулуктан, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн кирип, мыйзамдарга өзгөртүүлөр боюнча бир жылдай иштеп, Жогорку Кеңеш ошол өзгөрүүлөрдүн баарын кийин кабыл алып берди.

"Биз шайлоого катышам дегендер үчүн мыйзамды тактап бердик. Алар үчүн мыйзамдык негизде эч кандай күтүүсүз жагдайлар чыккан жок", — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы парламент мурдагы 9 пайыздык шайлоо босогосун 7 пайызга түшүргөнүн кошумчалады.

"Мен бул чечимди колдоп, тиешелүү мыйзамга кол коюп бердим. Эмне үчүн дегенде, бул — парламентке көбүрөөк партиялар келгенге, көбүрөөк саясий күчтөр болуп, парламентте ачык талаш-тартыш менен мамлекеттин өсүшүнө салым кошсун деп, кабыл алдык. Кыскача айтканда, азыр бардыгы тең шайлоо эрежелери менен тааныш. Саясий күчтөр, саясий партиялар, шайлоого катышам деген ар бир Кыргызстандын жараны ошол мыйзам боюнча кабардар. Биз бул багытта бардыгын жасап бердик", — деп баса белгиледи президент.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, экинчиден баардык саясий партияларга бирдей шарттар түзүлдү.

"30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында парламентке кайсы партиялар жеңип келсе, өлкөнү өнүктүрүү багытында иштешүүгө даярдыгымды расмий билдиргем", — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Президент белгилегендей, үчүнчүдөн, кечээ жакында болуп өткөн Коопсуздук кеңешинде укук коргоо органдарына конкреттүү милдеттер — мыйзам алдында баардыгы бирдей болушу керектиги тапшырылды. Шайлоо мыйзамын бузгандарга бирдей мамилени камсыздоо талабы коюлду.

Өкмөт башчы менен болгон онлайн жолугушууда Сооронбай Жээнбеков көптөгөн эл аралык уюмдар менен эксперттер пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүндүгү жөнүндө айтып жатышканын кошумчалап, буга байланыштуу дары-дармек каражаттарын, медициналык жабдууларды жетиштүү көлөмдө даярдап алууга, аймактардагы ооруканалардын курулушу менен ремонт иштерин тездетип бүткөрүүгө дагы бир жолу көңүл бурду.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган учурлар азаюуда. Бирок көптөгөн адистер, анын ичинде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму күз-кыш мезгилинде коронавирустун экинчи толкуну башталышы мүмкүн экендигин эскертишүүдө.

Медициналык изилдөөлөр боюнча адис, вирусолог Вадим Линин айтымында, мезгилдүү болгон курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен сасык тумоо коронавирус инфекциясынын жайылышына терс таасирин тийгизе алат.

"КРВИ менен сасык тумоо коронавирус инфекциясына окшош болгондуктан анализ алууда жана ооруну алдын алууда кыйынчылык жаралуусу мүмкүн. Постсоветтик өлкөлөр дагы деле ар кандай оорулардын массалык түрдө жайылып кетүү коркунучу бар мамлекеттердин тизмесинде. Социалдык жоопкерчилик аркылуу вирустук жана жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө кыйла натыйжалуу болуп калган чет мамлекеттердин оң тажрыйбасын колдоно баштай турган мезгил келди деп эсептейм", - деди Линин.

Боронов менен жолугушууда Жээнбеков экономикалык кыйын кырдаалга карабастан, мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери, медиктерге кенемте төлөмдөрү өз маалында жана толук көлөмдө камсыз болушу керектигин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков күз-кыш мезгилине талаптагыдай кам көрүү, айрыкча, социалдык объектилердин даярдыгын камсыз кылуу зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий